Воскресенье, 8 сентября

Олимпиада-2024: Денис Петрашов 23-орунду ээледи

0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов бүгүн Олимпиада оюндарында 100 метрди брасс ыкмасы менен сүзүп өттү.

Бул аралыкка сүзүүгө 36 спортчу чыгып, алар 5 топко бөлүнгөн.

Денис Петрашов бешинчи жарыштагылардын арасынан 1 мүнөт 0,42 секунда менен 8-орунду ээледи.

Бул жыйынтык менен 36 суучулдун ичинен ал 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок.

Эми кыргыз спортчусу Денис Петрашов 30-июлда 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүүгө катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз