Вторник, 17 сентября

CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери август айында аяктайт

0

CASA-1000 долбоорунун курулуш иштери август айында аяктайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 1-жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган министрликтин коллегиясында билдирди.

Анын айтымында, долбоор боюнча 456 чакырым болгон 500 кВ аба чубалгысын куруу иштери кызуу жүрүүдө.

““Датка” көмөк чордонунда уячаны куруу жана тирөөчтөрдү орнотуу 100% бүткөрүлдү. Аба чубалгысын тартуу иштери боюнча айтсак, 456 чакырымдын 428 чакырымы бүттү. Курулуш иштери толугу менен 2024-жылдын август айында аяктайт деп пландаштырып жатабыз”, — деди ал.

Ошондой эле министр 6 айдын ичинде быйылкы жылга коюлган пландарды өз убагында аткаруу, долбоорлорду ишке ашыруу, керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртуу, учурдун талабы экенин баса белгиледи.

“Энергетика тармагында бир катар иштер аткарылды. Жыл башынан бери жалпы кубаттуулугу 43,06 МВт чакан ГЭСтер ишке киргизилди. Учурда жалпы кубаттуулугу 430 кВт күн электрстанциялары иштеп жатат. Токтогул ГЭСтин 1-гидроагрегаты, Үч-Коргон ГЭСтин 4-гидроагрегаты реконструкцияга берилип, учурда модернизациялоо иштери аткарылууда. Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга болгон даярдыктар көрүлүп жатат. Энергетика тармагында аткарылган реформалардын алкагында «Бишкек ЖЭБ», “Бишкек жылуулуктармагы» жана «Кыргызжылуулукэнерго» ишканалары мэриянын балансына өткөрүлүп берилди”, — деп кошумчалады Ибраев.

Мындан сырткары жыйында учурда күз-кыш мезгилине карата даярдыктар кызуу жүрүп жаткандыгы да айтылды. Жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергетиктерге алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты сапаттуу жүргүзүүнү эскертти.

“Учурда 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык жүрүп жаткан учур. Өткөн жылдагыдай болуп авариялык абал кайталанбашы керек. Бишкек ЖЭБди, Ош ЖЭБди, көмөк чордондорду, аба чубалгыларын, бардык энергетикалык жабдууларды азыртадан баштап жакшылап текшерип, алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдангыла. Быйыл калкка жарык жана жылуулук үзгүлтүксүз берилиши керек” — деди Төрөбаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз