Четверг, 19 сентября

Жети-Өгүздүн Саруу айылында дагы бир мектеп курулат

0

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 500 орундуу Ж.Чабылдаев атындагы мектептин курулушуна капсула салынды.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, ведомство жетекчиси Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында капсула салуу иш-чарасына катышты.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Тендердик баасы 232 млн сомдон ашык бааланган.

Курулуш-монтаждоо иштери “Дастан Строй компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз