Четверг, 19 сентября

Олимпиада-2024: Бүгүн дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгат

0

Париждеги Олимпиада оюндарынын экинчи күнүндө Кыргызстандын спортчусу Кубанычбек Айбек уулу беттешке чыгат.

Ал 66 кг салмак категориясында күч сынашат. Дзюдо боюнча турнир Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат.

1/16 финалдагы кыргызстандык спортчунун атаандашы украиналык Богдан Ядов экени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз