Вторник, 26 ноября

“Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачууга даярдыктар жүрүүдө

0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хунмэй кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” багыты боюнча унаа жолдун курулушунун оң динамикасын белгилешти.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында тараптар биргелешип курулуп жаткан инфраструктуралык объекттерди көрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

“Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту жакын арада ачылаары пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз