Среда, 30 октября

Индияда жер көчкүдөн 358 адам каза болду

0

Индиянын Керала провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчкүдөн каза болгондордун саны 358ге жетти.

India Today гезитинин кабарына караганда, Керала провинциясынын расмий өкүлдөрү катуу жамгырдан улам болгон жер көчкүдөн каза болгондордун саны 358ге жеткенин жарыялашты.

Издөө-куткаруу иштеринин бешинчи күнү уланып жатканын белгилеген жетекчилер, зыян тарткан аймакта дагы 200дөн ашуун дайынсыз жоголгон кишинин бар экенин жарыялашты.

Индия армиясынын урандылардын астында калгандарды табууга жардам берүү үчүн аймакка издөө радарларын жибергени белгиленди.

Конгресс партиясынын депутаты Шаши Тароор өз билдирүүсүндө Индиянын ички иштер министри Амит Шахка аймактагы жер көчкүдөн улам улуттук апаат жарыялоо үчүн кат жазганын билдирди.

Керала провинциясында 30-июлда жааган жамгырдын натыйжасында жер көчкү жүрүп, инфраструктура жана жолдор олуттуу зыян тартты.

Кырсыктан зыянга учуараган Чооралмал айылындагы 200 үй жарактан чыкты.

Индия армиясы 1-августта жапа чеккен аймакка 1500 жоокер жөнөтүлгөнүн жарыялады.

Табигый кырсыктан улам провинциядагы жардам лагерлерине 8300дөн ашуун адам эвакуацияланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз