Вторник, 26 ноября

Сузак районунда курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт

0

Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында курулуп жаткан бала бакча быйыл бүткөрүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча 50 орунга ылайыкташкан. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуштун наркы 27 млн сомду түзөт.

Долбоор боюнча бир кабаттуу имарат, ашкана, откана, суу сактоочу кампа, сырткы ажаткана жана оюн аянтчасы менен куруу каралган. Курулуш-монтаждоо иштери «Мастер строй» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз