Вторник, 26 ноября

Таласта минералдык сууну кайра иштетүүчү «Беш-Таш-Кайыңды» заводун куруу пландалууда

0

Талас облусундагы Беш Таш капчыгайында минералдык сууну кайра иштетүүчү «Беш-Таш-Кайыңды» заводун куруу пландалууда.

Айыл өкмөтү курулуш иштерине тендер жарыялап, заводдун сметалык наркы 9 млн 690 миң 186 сомдү түздү. Тендерге катышуу үчүн арыз берүү мөөнөтү 30-августта аяктайт.

Маалымдама: Беш-Таш коругу — Талас тоо кыркасында жайгашкан ири жаратылыш паркы. Ал Талас шаарынын түштүк тарабында жайгашып, өзүнө Беш-Таш, Колба, Күмүш-Таг жана Урмарал капчыгайларын камтыйт. Корук деңиз деңгээлинен 1100 метрден 3500 метрге чейинки жогору бийиктикте жайгашкан.

Коруктун курамында 8 тоо көлү бар, алардын эң чоңу Беш-Таш капчыгайында жайгашкан Беш-Таш көлү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз