Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында сейил бак жана фонтан ачылды. Эс алуучу жай Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылды.
Аталган курулуш шаар аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ишке ашырылды. Бул жерде 40ка жакын заманбап отургучтар, светодиоддор, 4 фонтан, заманбап жарыктандыруу системалары орнотулган.