Понедельник, 18 ноября

Чоң Чүй каналынан чөгүп кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

0

Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерине 10 куткаруучу 2 кайык менен чыгышкан.

Ага чейин Чоң Чүй каналынан жарандар белгисиз адамдын сөөгү агып баратканын көрүп, куткаруучуларга маалымат берген. Куткаруучулар аталган жарандын сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эске салсак, 23-август күнү Көк-Жар айылында Чоң Чүй каналына 2009-жылы туулган А.А. аттуу эркек бала түшүп кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз