Понедельник, 18 ноября

Айыл чарбасын каржылоо дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын насыя берилди

0

29-августка карата «Айыл чарбасын каржылоо -12» долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 420 млн 305 миң сомго 1 миң 293 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:

  • «Айыл Банк» ААК – 209 млн 820 миң сомго 656 насыя;
  • «Элдик Банк» ААК – 210 млн 485 миң сомго 637 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 331 млн сомго 8 миң 206 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда:

  • «Айыл Банк» ААК – 1 млрд 665 млн 864 миң сомго 4 миң 161 насыя;
  • «Элдик Банк» ААК – 1 млрд 665 млн 210 миң сомго 4 миң 45 насыя.

Ошентип, жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 3 млрд 751 млн 380 миң сомго 9 миң 499 насыя берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз