Пятница, 20 сентября

Антальяда Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленди

0

31-августта Башкы консулдуктун колдоосу менен Анталья шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары тарабынан Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, маамалык Анталья шаарында жайгашкан кыргыз этно-комплексинде өтүп, ага райондук муниципалитеттердин өкүлдөрү, чет мамлекеттердин коомдук уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кеченин коноктору үчүн улуттук тамак-аштар даярдалып, музыкалык номерлер жана улуттук оюндарды камтыган маданий программа тартууланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз