Чолпон-Ата шаарында 175 орундуу бала бакча толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин пайдаланууга берилди.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып.
Бала бакчаны оңдоп-түзөө иштери «Каракол Курулуш» ЖЧКсы тарабынан аткарылды. Жалпы оңдоп-түзөө иштерине 5 млн сомго жакын каражат жумшалган.
Бала бакча 1969-жылы курулган. Азыркы учурда 256 бөбөк тарбияланууда.