Пятница, 20 сентября

Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына Режеп Тайып Эрдогандын ысымы берилди

0

 Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таануу иретинде анын ысымы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына ыйгарылды.

Мындан ары медициналык борбор “Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасы” деп аталат.

Бүгүнкү күндө дарылоо мекемеси коммерциялык эмес уюм болуп саналат, анын ишмердүүлүгү дарылоо-диагностикалык иштин сапатын жакшыртууга жана жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган.

Достук ооруканасы ачылгандан бери өлкөнүн калкы медициналык кызматтардын жогорку технологиялуу түрлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Медициналык борбордун түзүмү төмөнкүлөрдү камтыйт: медициналык тез жардам кызматы, анестезия бөлүмү, терапевттик бөлүм, гастроэнтерология, жалпы хирургия, пульмонология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология бөлүмдөрү, мындан башка поликлиника жана радиология бөлүмү.

Оорукана калкка медициналык кызмат көрсөтүүдөн тышкары, илимий иштерди да жүргүзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз