Вторник, 17 сентября

Алиев Украинадагы согушта ортомчу болууга даяр

0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусия менен Украинанын арасында ортомчу боло аларын айтты.

Алиев  Италиянын Комо көлүнүн жээгиндеги Серноббио шаарында өткөрүлгөн Амбросетти форумуна катышкан панелде модератордун суроолоруна жооп берди.

Азербайжандын Орусия менен Украинанын арасында ортомчулук кылуу ыктымалы тууралуу суроого жооп берген Алиев эки өлкө менен да жакшы карым  — катнашта экендерин белгиледи.

Алиев Азербайжандын Орусия жана Украина менен карым-катнаштарын эске алуу менен бул процессте белгилүү бир роль ойной аларын айтып: «Украинанын жана бардык өлкөлөрдүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн чечкиндүү түрдө колдойбуз. Бирок ошол эле учурда Орусияга каршы санкция кампаниясынын бир бөлүгү болгон жокпуз жана болбойбуз. Орусия менен Украинанын ортосунда ортомчулук кылууга аракет кылган жокпуз.  Бул процесске кошулууну каалагандардын көп экенин билемин.  Бирок биздин буга катышуубузду  суранышса даярбыз”, — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз