Понедельник, 16 сентября

Улуттук илимдер академиясына 70 жыл

0

 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде, президенттик администрацияда Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө маанилүү датанын урматына өткөрүлө турган мааракелик иш-чараларды, илимий конференцияларды жана тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы каралды.

“Улуттук илимдер академиясы өзүнүн 70 жылдык тарыхында өлкөбүздүн илим, техника жана билим берүүнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошту”, — деди Эдил Байсалов.

Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар 2024-жылдын октябрь айында өткөрүлөт. Кыргыз ССР илимдер академиясы 1954-жылдын 20-декабрында Фрунзе шаарында академик Иса Ахунбаев жетектеген СССР илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын базасында түзүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз