Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 медаль жеңип алышты.
Дене тарбия жана спорт департамнетинен билдиришкендей, эркектер арасында Марлис Дуулатбеков күмүш медалга татыса, Сырттан Сыргак уулу коло медалга ээ болду.
Кыз-келиндер арасында Азиза Жамансатарова жана Алтынай Шамбетова коло медаль жеңип алышты.
Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратованын жетекчилиги алдында мелдешке катышты.