17-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, «Контррезервуар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлчү оңдоо иштерине байланыштуу 17-сентябрда саат 9:00дөн 19:00гө чейин Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасына таза суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
— Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол линиясы.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.