Пятница, 20 сентября

Ошто ишембиликке 8 миңге жакын адам катышты

0

Бүгүн Ош шаарында Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы ишембилик болуп өттү.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, тазалык акциясына шаардагы бардык муниципалдык жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары катышып, шаар аймагындагы өздөрүнө бекитилген аймактарды тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, ишембиликке жалпы 8 миңге жакын адам катышып, 368 гектар жер аянты тазаланып, 976 тонна таштанды чыгарылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз