Пятница, 20 сентября

Жалал-Абадда ишембилик өттү

0

Бүгүн, 14-сентябрда Жалал-Абад шаарында массалык ишембилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликке шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, менчигинин түрүнө карабай шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Ишембиликтин алкагында шаардагы эс алуу парктары, аллеялар, мекемелердин жана турак жайлардын короосу, жол жээктери, тротуар, темир-бетон арыктар тазаланды.

Белгилей кетсек, ишембилик президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” жарлыгын ишкер ашыруу максатында уюштурулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз