Четверг, 19 сентября

Кеминде120 млн сомду түзгөн мыйзамсыз объект мамлекетке кайтарылды

0

Кеминде баасы дээрлик 120 млн сомду түзгөн мыйзамсыз менчиктештирилген объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тактап айтсак, атайын кызмат тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди табуу жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Кемин районунун аймагында базар баасы 119 млн 937 миң сомду түзгөн, мурда мал союу жана колбаса чыгаруучу ишкана болуп саналган курулуштары бар аймак аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды.

Аталган объектти 1995-жылы айрым кызмат адамдары жеке менчикке алып, бүгүнкү күнгө чейин өз кызыкчылыгына пайдаланып келгени аныкталган.

Учурда УКМК мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз