Четверг, 19 сентября

Өлкө аймагында бир аптада 20 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

0

Кыргызстанда бир аптада, 9-сентябрдан 15-сентябрга чейин 20 миң 109 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 611;
  • Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу — 207;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 66;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 522;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 миң 478;
  • Авто ээнбаштык — 9;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 миң 206;
  • Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 5;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11миң 5;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 203 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз