Четверг, 19 сентября

Кыргызстанда 8 миңден ашык бош жумуш орундар бар

0

Кыргызстанда иш берүүчүлөр арасында бүгүнкү күнгө карата 8 миңден ашык бош жумуш орундары бар.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, төмөнкү кесиптер боюнча бош орундар бар:

  • мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 325;
  • саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 581;
  • кассирлер – 151;
  • соода агенттери – 63;
  • менеджерлер — 59
  • бухгалтерлер – 46;
  • юристтер – 25;
  • экономисттер – 7;
  • инженер-строитель – 48;
  • психологдор –18;
  • тигүүчүлөр – 2276;
  • курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 814;
  • айдоочулар – 463;
  • кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 789;
  • ар тараптуу жумушчулар – 2344.

Орточо айлык маянаны 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгын алып карасак: өнөр жай тармагында – 52 866 сом, курулуш – 34 554 сом, соода сатык – 37 601 сом, унаа тармагында – 46 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом, финансы тармагы – 62 298 сом, билим берүү тармагы – 25 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы – 21 368 сом түзөт.

«Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү маалыматтык борборуна Кыргызстан ичинде 18 99 номерине чалып (иш күндөрү саат 09:00-18:00 чейин), маалымат алсаңыздар болот», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз