Пятница, 20 сентября

Газада өлгөндөрдүн саны 41 миңден ашты

0

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 41 миң 252ге жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги, Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газага 347 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берди. Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы жерлеринде «3 кыргын» жасаганы, бул кол салууларда дагы 26 палестиналыктын каза болгондугу, 84 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине карай кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 41 миң 252ге, жаралуулардын саны 95 миң 497ге жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле сөөктөрдүн бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз