«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын вагон чарба филиалы 8 ай ичинде 371 вагонду оңдоп-түзөөдөн өткөрдү.
Ишканадан билдиришкендей, анын ичинен 341 жүк жана 30 жүргүнчү ташуучу вагон. Мындан тышкары, 286 вагон күнүмдүк оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
«Оңдоп-түзөө иштеринде вагондордун техникалык мүнөздөмөлөрү калыбына келтирилип, кемчиликтер четтетилип, алардын иштөө мөөнөтүн узартууга жана ташуу коопсуздугун жогорулатууга багытталган иштер аткарылды.
Белгиленгендей, бул иштер вагон паркынын техникалык абалын жакшыртуунун алкагында жүргүзүлүүдө.