Пятница, 20 сентября

Бишкектин Лев Толстой көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

0

 Бишкек шаарында капиталдык оңдоодон кийин Лев Толстой көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолду капиталдык оңдоонун алкагында ирригация системасы жана бордюрларды орнотуу, ошондой эле дренаж үчүн кошумча скважина орнотуу, көпүрөнүн астындагы түтүктөрдү тазалоо жана алмаштыруу иштери жүргүзүлүп, люктар туураланып, шагыл-мастикалык асфальтбетон төшөлдү.

Ишти «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 2024-жылга карата титулдук тизменин негизинде жүргүздү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз