Понедельник, 25 ноября

Түрк мамлекеттер уюмунун Коопсуздук Кеңешинин төрагалары чогулду

0

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Улуттук Коопсуздук Кеңешинин төрагаларынын  3-жыйыны Казакстандын Түркистан шаарында өттү.

Түрк Мамлекеттер Уюмунун билдирүүсүнө караганда түрк дүйнөсүнүн руханий борбору Түркистанда болгон жыйынга Азербайжандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Рамил Усубов, Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулетов, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Сейфуллах Хажымүфтүоглу,  Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Түрк Мамлекеттер Уюмунун баш катчысынын орун басары  Өмер Кожаман жетектеген ТМУ катчылыгы катышты.

Жыйында ТМУ аймагы жана дүйнөдөгү актуалдуу коопсуздук абал менен учурдагы абалдар каралды.

ТМУ өлкөлөрүн бутага алган коопсуздук коркутуулар жана кыйынчылыктар менен бирге айрым аймактык жана гдлобалдык абалдардын түрк аймагынаболгон ыктымалдуу таасирлерин карап чыккан тараптар өзгөчө транспорт коопсуздугу жана Ортоңку Коридор боюнча траснпорт жана логистикалык структурасынын өнүктүрүлүшү, эл аралык маалымат коопсуздугунун түзүлүшү темаларына да көңүл бурулду.

Тараптар терроризм жана экстремизмге, мыйзамсыз курал — жарак жана баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө, чек арадагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар конкреттүү долбоорлор жана программалар менен коопсуздук тармагында болгон кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ТМУ алкагында механизмдерди күчөтүү маселесин кеңири талкуулашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз