Пятница, 20 сентября

Насралла: Израиль Ливан элине согуш жарялады

0

Хизбуллахтын лидери Хасан Насралла Израилдин Ливанга кол салуулары менен кызыл сызыктарды кесип өткөнүн айтты.

Насралла өз билдирүүсүндө Израиль тарабынан болгон кол салуулар (акыркы эки күндө) Ливан элине каршы согуш жарыялоо экенин айтты.

Насралланын сөз сүйлөгөн убагында борбор шаар Бейрутта Израилдин реактивдеринин добуштары угулду.

Шейшемби жана шаршемби күнкү кол салууларды «кыргындар» деп мүнөздөгөн Насралла алардын 4 миңден ашуун чакыруу түзмөгүн таратканын баса белгиледи.

Хизбуллахтын лидери Ливандагы каршылык көрсөтүү тарыхында чоң соккуга кабылганын моюнга алуу менен бирге, бул чабуулдар Хизбуллахтын кыйрашына себеп болбой турганын баса белгиледи.

Шарт жана мүмкүнчүлүктөргө карабастан Газаны колдоо каршылыгынын токтобой турганын белгилеген Насралла, Ливан фронтунун Газадагы согуш аяктаганга чейин улана турганын айтты.

Анын айтымында, Хизбуллахтын жогорку эшелону чакыруу түзмөктөрүнүн жарылуучу моделин колдонбогонун белгиледи.

Ливанда 17-сентябрда Хизбуллах элементтери колдонгон чакыруу түзмөктөрүндө бир убакта болгон жардыруулардан 12 киши, анын ичинде 2 бала каза болуп, 3 миңдей киши жаракат алган.

Кечээ рациялардын жардырылышынын кесепетинен 25 адам каза болуп, 608 адам жарадар болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз