Пятница, 20 сентября

Апас Жумагуловдун портрети «Ынтымак Ордого» илинди

0

«Ынтымак Ордого» Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун портрети илинди. Иш-чарага Апас Жумагулов, министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров мамлекет башчысынын фондунан Апас Жумагуловдун параддык портретин президенттин администрациясынын имаратынын коридоруна орнотуу үчүн президенттин иш башкармасына каражат бөлгөн.

Бул иштер өлкөнүн экономикалык, социалдык жана маданий калыптанышына зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөө максатында аткарылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз