Понедельник, 23 сентября

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу суу болбойт

0

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Көк-Жар» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 24-сентябрда саат 09:00дөн 21:00гө Бишкектин төмөнкү көчөлөрү менен чектелген аймагында суу берүү токтотулат:

— темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Аламүдүн суусу — Панфилов көчөсү;
— темир жол линиясы — Матросов көчөсү — Горький көчөсү — Гвардейский көчөсү- Бектенов көчөсү -Скрябин көчөсү — Мавлянов көчөсү — 7-Апрель көчөсү.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз