Понедельник, 23 сентября

Израиль өлтүргөн палестиналыктардын саны 41 миң 431ге жетти

0

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондордун саны 41 миң 431ге жетти.

Газадагы Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 352 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы жерлеринде 3 үй-бүлөгө «кыргын» салганы, бул кол салууларда дагы 40 палестиналыктын каза болгондугу, 58 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондордун саны 41 миң 431ге, жаралуулардын саны 95 миң 818ге жеткени белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз