26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19°;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 21…26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°;
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 8…13°;
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 14…19° болот.
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -3° сууктан…+2° жылуулука чейин, күндүз 3…8°, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7°, күндүз 0…5° ка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.