Вторник, 24 сентября

Жаш кызды сүзүп кеткен чет элдик жаран кармалды (Видео)

0

Бишкекте 15 жашар кызды сүзүп качып кеткен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 23-сентябрда болжол менен саат 17:45те Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнөн Honda Aria үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 20 жаштагы П.А. аттуу чет элдик жаран жөө адамдардын өткөөлүнөн өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен. Жабырлануучу 15 жаштагы А.Д. аттуу жаран болуп чыкты. Ал алган жаракаттардын кесепетинен ооруканада каза тапкан.

Бул жол кырсыгы боюнча Бишкек ШИИББнын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) ылайык, кылмыш ишин козгоду.

Окуя болгон жерге милициянын кайгуул-кызмат башкармалыгынын экипажы барган учурда айдоочу качып кеткени аныкталган.

Көп өтпөй ал милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эмиунаасы айып короого токтотулду.

Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз