Вторник, 24 сентября

Изриаль Ливанга ракеталар менен сокку урду (Видео)

0

Чакынкы Чыгыштагы абал курчуп баратат. Израиль кошунасы Ливанга чабуулук көбөйттү.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 23-сентябрдын таңында жасалган израил армиясынын (ЦАХАЛ) чабуулунан өлгөндөрдүн саны 500гө чукулдады. Мекеме бардык ооруканалардан жараат алгандарды кабыл алууну талап кылган билдирүү жарыялады.

Кырдаал Ливандын ар кайсы райондорунда 17-18-сентябрда байланыш каражаттарынын массалык жарылуусунан кийин болгон эки тараптын атышуусунан улам курчуп кеткен. Анын кесепетинен ондогон адам өмүрүнөн ажырап, үч миңге жакын киши жаракат алган. Кийинчерээк израилдик авиация Бейруттун түштүк тарабындагы турак жайды аткылап, 50дөн ашуун адам, анын ичинде «Хезболлахтын» атайын операциялары боюнча командачысы Ибрагим Акил да набыт болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз