Вторник, 24 сентября

Пакистанда уруулар кагылышты

0

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында уруулар ортосунда чыккан кагылышууда алгачкы маалыматтарга караганда 5 адам каза болду.

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда, жума күнү кечинде Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Куррам районунда талаштуу жерге курулган курулуштан улам биринчи жолу атаандаш уруулар ортосунда уруш чыккан.

Мушташ кечээ кечинде кайрадан тутанган.

Оор куралдар колдонулган кагылышууда 5 киши каза болуп, көп киши жараланды.

Аймактагы пикир лидерлери бийликти жаңжалдарды токтотууга чакырышты.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөр каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны алда канча көп экенин айтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз