Понедельник, 30 сентября

Жыл башынан тарта Өзбекстанга Кыргызстандан 1,4 млн турист барган

0

Жыл башынан бери Өзбекстанга Кыргызстандан 1,4 млн турист барган. Бул тууралуу Өзбекстандын статистика боюнча агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, январь айынан август айына чейин Өзбекстанга эс алуу максатында жалпысынан 5 млн чет элдик жаран кирген. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,7%га жогорулаган, же 721 миң адамга көп келген.

Өзбекстанга айрыкча Тажикстандын (1,4 млн адам), Казакстандын (1 млн) жана Россиянын (5,3 млн) жарандары көп барган.

Эске салсак, Өзбекстанга 2023-жылы Кыргызстандан 1,6 млн турист кирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз