Кыргызстанда бир суткада 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 1;
- Ош шаарында – 1;
- Ош облусунда – 2;
- Чүй облусунда – 7;
- Жалал-Абад облусунда – 3;
- Ысык-Көл облусунда – 1;
- Нарын облусунда – 2;
- Талас облусунда – 2;
- Баткен облусунда – 1.
Белгиленгендей, тилсиз жоону өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылган.
Куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болгон жок.