Понедельник, 30 сентября

Бүгүн Кыргызстандын жаштар курамасы Мьянма менен беттешет

0

Кыргызстандын жаштар курама командасы (U-20) бүгүн Мьянма менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:00дө башталат. Футбол талаасына кыргызстандык спортчулар ак түстөгү форма менен чыгат.

Жаштар арасындагы Азия кубогунун тандоо туру саат 18:00дөн тартып шоу-программа менен коштолот. Билеттер kassir.kg сайтында сатылууда.

Белгилей кетсек, күн мурун жаштар курама командасы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо расмий машыгуусун өткөргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз