Эртең, 26-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, «Тоголок Молдо» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу 26-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт:
Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.