Воскресенье, 29 сентября

Африкада маймыл чечек вирусунан 800дөн ашык киши өлдү

0

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) быйыл маймыл чечек вирусуна шектелген 30 миң учур катталганын, алардын көбү Конго Демократиялык Республикасында экенин жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун отчетуна ылайык, континент боюнча 800дөн ашуун адам Mpox вирусунан каза тапты.

Африкада үстүбүздөгү жылдын январь айынан 15-сентябрга чейин маймыл чечек вирусуна шектелген 29 миң 342 учур жана 812 өлүм катталганын белгилеген ДССУ, август айында дүйнө жүзү боюнча 2 миң 82 маймыл чечек вирусу тастыкталганын, бул сандын 2022-жылдын ноябрынан берки эң жогорку деңгээл экенин билдирди.

Бурундинин да эпидемиядан жапа чеккени маалымдалган отчетто өткөн жылдарга салыштырмалуу сандарга орун берилген жок.

Африка Биримдигинин Коомдук саламаттык сактоо агенттигинин билдирүүсүндө, 2023-жылы эпидемиядан жабыркаган 7 өлкөдө 14 миң 957 учур жана 739 өлүм катталгандыгы, бул көрсөткүчтөрдүн 2022-жылга салыштырмалуу жаңы учурлардын 78,5 пайызга өскөндүгүн көрсөткөндүгү айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз