Воскресенье, 29 сентября

Гүленчилердин мектебинде жашыруун уюлдук шлюз табылды (Видео)

0

Кыргызстанда “гүленчилер” деген ат менен таанымал Фетхуллах Гүлен жамаатына таандык делген “Кут Билим” мекетептеринин биринде мыйзамсыз уюлдук шлюз аныкталды.

УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борбору Аламүдүн районунун Байтик айылындагы «Кут билим» билим берүү комплексинде (жеке мектеп) мыйзамсыз уюлдук шлюзду аныктады.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз даярдоо жана жүгүртүү») менен катталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Ж.Т.Ж. жана К.Т.Р. Кыргызстандын аймагында чарба жүргүзүүчү субъект катары компетенттүү фискалдык органда каттоодон өтпөгөн жана байланыш тармагында кызмат көрсөтүүгө лицензиясы жок чет өлкөлүк байланыш операторунун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө көмөктөшкөн.

«Жабдуулар Кыргызстандагы байланыш операторлорунун базалык станцияларынын радиожыштык диапазонуна интеграцияланууга жана Кыргызстандын абоненттери менен эл аралык байланыштарды мыйзамсыз уюштурууга мүмкүндүк берген. Чет өлкөлүк чалуучунун ID номери жергиликтүү байланыш операторлорунун абоненттик номурларынын бирине алмаштырылган, бул терроризм, жарандардын акчасын уурдоо жана алдамчылык жөнүндө атайылап жалган билдирүүлөрдү жасоодо, башка мыйзамсыз аракеттерде башка өлкөнүн аймагынан бул кызматты анонимдүү пайдаланууга шарт түзгөн», — деп билдирди УКМК.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз