Кыргызстанда бир суткада 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Жалал-Абад облусу – 4;
- Бишкек шаары – 2;
- Чүй облусу – 2;
- Ош шаары – 1;
- Ош облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 1;
- Нарын облусу – 1;
- Баткен облусу – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМден 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болгон.