Понедельник, 30 сентября

Кыргызстандагы эң узун тоннелдин курулушу уланууда

0

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган тоннелдин курулуш иштери 1-декабрда аяктоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте салынып жаткан объектинин узундугу — 3890 метр, туурасы — 10, 6 жана кеңейтилген участоктордун кеңдиги 14 метр. Ал эми бийиктиги — 8,5 метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө тоннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери жыйынтыкталууда. Жарык берүүчү жана желдетүүчү турбиналарды орнотуу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат. Порталдын дубалдарын жасалгалоо иштери уланууда.

Жакын арада жол сызыгын чийүү иштерин баштоо пландалууда.

«Тоннелге кире берген жерде асфальт төшөө иштери дээрлик бүттү. Кар көчкү жүрүү коркунучу бар 5 участок убактылуу жолдогу 5 сел өтүүчү өтмөктүн төртөөсүн бетондоо аяктады.

Конструкциялардын четтерин таш менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Тоннелге жакындаган жерлерге парапет орнотуу иштери башталды. Курулуш иштеринин жана материалдардын сапаты техникалык шарттарга ылайык “Кыргызжолтрансдолбоор” тарабынан көзөмөлдөнөт», — деп белгилешти министрликтен.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынан Балыкчыга чейинки альтернативалуу жолдун жалпы узундугу 433 чакырым, анда эки эстакадалык көпүрө, бир тоннель бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз