Понедельник, 30 сентября

Кыргызстанда 10 райондук электр тармактарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу аяктады

0

Кыргызстандын 10 райондук электр тармактарында акылдуу эсептегичтерди орнотуу 100 пайызга аяктады.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, атап айтканда Каракол, Түп, Чолпон-Ата, Нарын, Кочкор, Тянь-Шань РЭТтери, Жалал-Абад жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу кызматы, Талас Горсети жана Үч-Коргон участогунда аяктаган. Ал эми Баткен шаарында акылдуу эсептегичтердин орнотуу 50 пайызга бүттү.

Белгиленгендей, акылдуу эсептегичтерди ишке киргизүү электр менен камсыздоо процесстерин автоматташтырууга, маалыматты алыстан чогултууга, эсеп-кысаптарды алыстан чыгарууга, дебитордук карызы бар абоненттерди алыстан өчүрүүгө, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайрадан туташтырууга, эсептегичтин уруксатсыз ачылышы тууралуу сигналды алыстан алууга жана башка иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

Электр энергиясы үчүн онлайн төлөм системасын жана онлайн туташтыруу функциясын колдонуу керектөөчүлөргө убакыт үнөмдөөгө жана Кыргызпочтасынын кассаларында, банктарда жана энерго сатуу бөлүмдөрүндө кезек күтүп турбоого, төлөм терминалдары жана онлайн банкинг (мобилдик капчыктар) аркылуу төлөм жүргүзүүгө шарт түзөт. Электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн структурасында төлөм терминалдарынан жана мобилдик тиркемелерден келип түшкөн каражаттардын көлөмү өсүп жатат.

Эсептегичтерди орнотуу менен коштолгон электр тармактарын жана жабдууларды реабилитациялоо авариялык өчүрүүлөрдүн санын бир топ азайтты, бул керектөөчүлөр тарабынан оң бааланууда.

Интеллектуалдык эсептегичтерди киргизүү долбоорлору компания үчүн да, керектөөчүлөр үчүн да натыйжалуу болуп саналат.

Жакынкы аралыкта республиканын бардык аймактарында 650 миң эсепке алуу приборлорун орнотуу долбоорун ишке ашыруу пландалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз