Понедельник, 30 сентября

Ысык-Көлдө уурулук менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун аракетине бөгөт коюлду

0

Ысык-Көлдө уурулук менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө жана тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында жасалган бир катар уурулуктардын бети ачылды.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургундары арыз менен кайрылып, 2024-жылдын 18-сентябрынан 25-сентябрына чейинки убакытта белгисиз адамдар экинчи каньон деген жердеги туристтердин автоунааларынан акча каражаттарын уурдаганы аныкталган.

Бул уурулуктун фактысы боюнча биринчи жабырлануучуга 124 миң сом, экинчи жабырлануучуга 145 миң 800 сом жана үчүнчү жабырлануучуга 300 миң сом материалдык зыян келтирилген.

Бул боюнча Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уурулук» беренеси боюнча кылмыш иштери козголгон.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Балыкчы шаарынын аймагында кылмыштуу топ автоунналардын кесипкөй түрдө уурулук кылып жатканы байкалган. Бир нече убакыт өтүп, ыкчам кызматкерлер уурулуктарга шектүү болгон кылмыштуу топтун изине түшүп, атайын операция учурунда колго түшүрүлдү.

Кармалган шектүүлөр буга чейин өз мекенинде бир нече жолу соттолгон коңшу өлкөнүн жарандары, гастролдоп кесипкөй уурулук кылган кылмыштуу топ экени аныкталды.

Шектүүлөрдөн — 2 даана рация, 5 мобилдик телефон, 1 дүрбү, ар кандай автомашиналардын 5 ачкычы (пульт), кол кап, кулпу ачуу үчүн шаймандар (отмычка), акча каражаттары: АКШ доллары, евро, казак теңгеси, сом, Индия рупийи, швейцария франкы алынган, алар буюм далилдери катары таанылган жана кылмыш ишинин материалдарына тиркелди.

Кармалган 1985-жылы туулган Дж.А., 1975-жылы туулган У.О., 1964-жылы туулган Г.А., 1978-жылы туулган Х.Г. атту жарандар шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмыш иштери боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Кармалган адамдардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендиги текшерилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз