Понедельник, 7 октября

Бишкекте автобус сүзгөн кыз каза болду (Видео)

0

Бүгүн Бишкекте автобус 18 жаштагы кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык болжол менен саат 10:00дөр чамасында болгон. Анда 1964-жылы туулган айдоочу Д.К. Чүй проспектиси менен чыгышты көздөй бара жатып жөнгө салынбаган жөө өтмөктөн 18-20 жаштардагы кызды сүзүп алган.

Натыйжада жөө жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок кийинчерээк ооруканада каза болду.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, бардык экспертизалар дайындалды.

Автобус айып төлөнбөгөн унаа токтотуучу жайга токтотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз