Понедельник, 7 октября

Израиль бир жылда Газада 41 миң 870 адамды өлтүрдү

0

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине  кол салууларынан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 45ке көбөйүп, 41 миң 870ге жетти.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 366 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы аймактарына акыркы 24 саатта жүргүзгөн «3 кыргынында» 45 кишинин каза болгону, 256 кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине  7-октябрдан берки кол салууларынан каза болгондордун саны 41 миң 870ге, жаралуулардын саны 97 миң 166га жеткени белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз