Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Орусиянын Москва шаарына барды.
Мамлекет башчынын борту «Внуково-2» эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.