Понедельник, 7 октября

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

0

Эртең8-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Гагарин» жана «Юго-Западный» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 8-октябрда саат 9:00дөн 00:00гө чейин Л.Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромский, Циалковский, Т.Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, «Рабочий Городок», «Институт Землиделия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз