Среда, 9 октября

Президенттин Орусияга болгон иш сапары аяктады

0

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады. Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Ага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышты.

КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамдарда өттү, анын жыйынтыгы боюнча Шериктештикке катышуучу-мамлекеттердин башчылары тарабынан КМШ алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкөлөрдүн лидерлеринин көңүлүн Кыргызстан эл аралык логистиканы кайра форматтоо жана жакынкы жана салттуу өнөктөштөр менен экономикалык өз ара аракеттенүүнүн альтернативдүү моделдерин түзүү процесси менен жаңы реалдуулуктарга жигердүү ыңгайлашып жаткандыгына бурду. Мамлекет башчысы Кыргызстан мындан ары да КМШ алкагында кызматташтыкты жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү колдой турганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Орусияга болгон иш сапарын аяктап, 8-октябрь күнү кечинде Бишкекке кайтып келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз